Бүгүн, 29-октябрда Жогорку Кеңештин жыйыны болбой калып, депутат Дастан Бекешев социалдык тармакка тамашалуу видео чыгарды.
Ал видеону "Сабак болбой турганын сага айтпай калганда" деген жазуу менен бөлүшүп, соцтармактын колдонуучуларын күлкүгө салды.
Бүгүн жыйын болбой турганын эл өкүлүнө чынында айтышкан эмеспи, белгисиз.
Ал эми парламенттин басма сөз кызматы бүгүн айрым депутаттар Кара-Балта шаарында көчмө жыйында, кээ бирлери илимий-практикалык конференцияда экенин билдирди.