Биз социалдык тармакта

Кышка даярсызбы? Бишкекте көмүр базалары иштеп жатат

Бишкектеги көмүр базаларында 13 миң тоннадан ашык көмүр бар. Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында көмүр базалары үзгүлтүксүз иштеп жатканын бүгүн, 29-октябрда мэриядан кабарлашты.

"Маалыматка ылайык, учурда Ленин районунда 5370 тонна, Свердлов районунда 5550 тонна, Октябрь районунда 1713 тонна жана Биринчи Май районунда 557 тонна көмүр бар. Тиешелүү кызматтар көмүрдүн көлөмүнө жана баасына көзөмөл жүргүзүшүүдө",- деп кошумчалады мекеме.

Айта кетсек, көмүрдүн баалары:
"Кара-Кече", тоннасы 7000 сом;
"Миң-Куш", тоннасы 8000 сом;
"Шаргунь", тоннасы 7600 сом.

Мэрия шаар тургундарын суук түшкөнгө чейин көмүрдү алдын ала камдап алууга чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан