Бүгүн, 29-октябрда Ички иштер министрлигинде жыйын өттү. Мекеме маалымдагандай, отурумга ички иштер министри Улан Ниязбеков, анын орун басарлары жана ички иштер органдарынын башчылары катышышкан.
Коллегиялык жыйында 9 айдагы аткарылган ыкчам-кызматтык иштердин, элдин арыз-даттанууларын жеринде чечүү жана калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары чыгарылып, миграция жаатындагы абал жана жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маселелер каралган.
Министр Ниязбеков кемчиликтерди белгилеп, аларды жоюу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берген. Ал үй-бүлөлүк зомбулуктун, жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу иштерин күчөтүү керектигин белгилеген.