Айдоочуларга эскертүү! Боомдо таш түшүрүү иштери жүргүзүлөт
2-ноябрдан 6-ноябрга чейин Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул күндөрү иштер саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлүп, унаалар бир тилке менен өткөрүлөт.
Мекеме айдоочуларды сапарын алдын ала пландап алууга чакырат.