Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери жол эрежесин бузганы үчүн жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 28-октябрда социалдык тармактарда мамлекеттик номери жок Chevrolet Spark үлгүсүндөгү унаа менен каршы тилкеде бара жаткан кайгуул кызматкеринин видеосу тараган. Ага карата Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык төрт протокол түзүлүп, унаасы айып короого киргизилди.
Ал эми кызматкер бул окуя боюнча: "Автоунаам бир аз бузулуп жаткан. Жолдо калып калбайын, четке чыгарып кетейин деген максатта болгон. Мыйзам баарыбызга бирдей, мындай көрүнүш кайталанбайт", - деп түшүндүрмө берди.