Украинанын Суми облусунда жүргүнчү поезд менен адам ташыган маршруттук автобус кагылышып, андан кеминде 13 адам көз жумду. Буга байланыштуу Украинада аза күтүү жарыяланып, аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 5-февралда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Алдын ала маалыматтарга караганда, автобустун айдоочусу семафордо кызыл күйүп турганына карабай темир жолдун багытына өтүп кеткен. Айдоочу аман калып, азыркы тапта көрсөтмө берүүдө.
Облустук прокуратура 13 адам каза болуп, 6 адам жаракат алганын кабарлады. Алардын үчөөсү оор абалда жатат.
Кечээ, 4-февралда 18 жүргүнчү менен бара жаткан унаа жана Харьков-Ворожба багытындагы поезд кагылышып кеткен. Бардык каза тапкандар автобустун жүргүнчүлөрү экени аныкталган.