Жайыл районунда “адам өлтүрүү” фактысына шектелип Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 3 мүчөсү кармалды

Жайыл районунда “адам өлтүрүү” фактысына шектелип Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 3 мүчөсү кармалды. Бул туурасында Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 5-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, 2014-жылдын 1-январында Жайыл районунун аймактык ооруканасына денесинен оор жараат алган 31 жаштагы адамды алып келишкен. Ал бир канча күндөн кийин жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.

Тергөөнүн жүрүшүндө маркумдун үйүнө 3 белгисиз адам кирип, аны сабаганы жана бычак менен бир нече жолу сайып кетишкени белгилүү болду.

Кармалгандар мурда милиция кызматкерлери тарабынан К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү катары каттоого алынган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zarlyk2211
2014-02-05 15:27:10
акыркы убакта Колбаевтин адамдары коп кармала баштады.
0
aizi85
2014-02-05 15:37:35
Колбаев ким озу ал озу да камактабы эмнеге олтурот адамдарды эч тушунбоймун.
0
kuba.kq8705
2014-02-06 11:27:10
krim avtoritet kolbaev menen azyrky biyliktin tili bir oshon uchun kolbaevdin adamdary dep kolbaevdi avtoritet kylysh uchun kolbaevdin adamdary dep jatyshat chygar
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан