2013-жылы Кыргызстанда 7492 жол кырсыгы болуп, 1217 адам көз жумган. Бул тууралуу Жол-кайгуул кызматы билдирди. Маалыматка караганда, жол кырсыктарынан 10 738 адам денесинен ар кандай жарааттарды алышкан. Ал эми Бишкек шаарында 2898 жол кырсыгы катталып, 124 адам каза болгон.