Бүгүн, 5-февралда обончу, композитор, дирижёр, “Таң сыры”, “Кетпейм сага жолукмайынча”, “Бульварым” сыяктуу белгилүү ырлардын автору Сардарбек Жумалиев 73 жашка толду.
Аны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда, 73 жашка чыкканына карабай чыгармачылык эргүүдөн куру эмес экенин билдирди.
“Туулган күн - ар бир адам үчүн маанилүү күн. Мен да туулган күнгө өзгөчө маани берем. Жакын адамдарыңдын, үй-бүлө мүчөлөрүнүн курчоосунда отуруп жылуу сөз уккан кандай бакыт! Бул адамды чыйралтып, ден соолук, чыгармачылык эргүү тартуулайт. Буга чейин 50, 60, 65, 70 жылдык мааракелеримди белгилегем. Ошонун баары эсте калат. Бүгүн 73 жашты багындырып жатып да чыгармачылык менен алектенип келем. Учурда чыгармаларды оркестрлештирүүнүн үстүндө иштеп жатам”,- деди ал.
Эске салсак, Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти, КРнын Эл артисти кыргызга белгилүү болгон “Сен менин жазылбаган ырларымсың” сыяктуу жүздөн ашуун чыгармалардын автору.