Биз социалдык тармакта

Президент жол жаңжалынан улам камалган төрт кишини бошотууну тапшырды

Президент Садыр Жапаров Талас облусунун тургундары менен жолугушууда Талас районунун Таш-Арык айылынын тургуну Нагима Султанованын кайрылуусун укту. Ал жолдошун жана жол жаңжалынан кийин камакка алынган дагы үч жаранды бошотууга жардам сурады.

Аялдын айтымында, окуя Таластагы «Манас Ордо» комплексинин жанында болгон. Жаңжалга катышкан жарандар унааны прокурор башкарып баратканын билишкен эмес. Анткени ал жарандык кийимде болгон. Кийин эки тараптын ортосунда мушташ чыгып, төрт киши камакка алынган.

Кайрылууну уккан Садыр Жапаров тараптарды элдештирип, төрт жаранды камактан бошотууну тапшырды.

Ошондой эле прокурор олуттуу жаракат албаганын белгилеп, маселени тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан