Бишкекте мурда дайынсыз болуп жаткан 28 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Маалыматты Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, маркумдун сөөгү кечээ, 2-ноябрда Панорамадан куткаруучулар тарабынан табылган. Маркум 300 метрдей бийиктиктен кулап түшкөн жана ошол жерде 10 күндөн ашык жаткан. Тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Райондук милиция ал 9-октябрь күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп келгенин кошумчалады.