Биз социалдык тармакта

Панорамада денеси табылган баланын жакындары аны киши колдуу болгонун билдиришүүдө

Бишкектеги Панорама дачасында ӨКМдин куткаруучулары тарабынан табылган 28 жаштагы Ханэл Жоробаевдин апасы уулу киши колдуу болуп каза тапканын билдирүүдө. Ал Фейсбуктагы баракчасына издөө иштериндеги видеолорду жарыялап, ар кандай божомолдорду айтты.

Эскерте кетсек, Ханэл Жоробаев 9-октябрда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан. Жакындарынын айтымында, акыркы жолу анын мечитке кирип бара жатканын видеодон көрүшкөн.

Буга чейин милиция маркумдун сөөгү 2-ноябрда табылганын билдирип, ал 300 метрдей бийиктиктен кулап түшкөнүн жана ошол жерде 10 күндөн ашык жатканын болжолдоду. Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан