Биз социалдык тармакта

Төрөт үйү кош бойлуу аял менен дарыгердин ортосундагы чыр боюнча түшүндүрмө берди (видео)

Бүгүн, 3-ноябрда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борбору социалдык тармактарда тараган бейтап тууралуу видеого байланыштуу расмий маалымат берди.

Маалыматка ылайык, 2003-жылы туулган бейтап 31-октябрдан 2-ноябрга чейин ооруканада дарыланган. Бул убакыт аралыгында ага УЗИ жана амниотикалык суюктуктун бар-жогун аныктоочу эки жолку тест жүргүзүлгөн. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында стационардык дарылоону улантууга медициналык көрсөткүчтөр аныкталган эмес.

"Ошол эле учурда бейтаптын ооруканада болушу учурунда чыр-чатактуу жагдайлар жана айланасындагыларга карата коркутуулар катталган. Буга байланыштуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана Республикалык психикалык ден соолук борборунун адистери тартылган. 2-ноябрда бейтап стационардык дарылоону улантууга медициналык негиздер болбогондуктан чыгарылып, тиешелүү адистештирилген мекемеге консультация алууга жөнөтүлгөн",- деп айтылды маалыматта.

Борбор "медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес" деген пикирлер окуянын бардык жагдайларын толук чагылдырбай турганын белгилеп, коомчулукту кырдаалга бир тараптуу видеолордун негизинде баа бербөөгө чакырды.

Төрөт үйү кош бойлуу аялдын чыры боюнча түшүндүрмө берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан