АКШнын президенти Дональд Трамп Pod Force One подкастына берген маегинде эң жакын өнөктөштөрү келбеттүү экенин айтты.
"Пит Хегсет (ред.: коргоо министри) чырайлуу адам. Менимче, алардын баары өзүнчө сулуу. Марко Рубио (ред.: мамлекеттик катчы) мыкты жана сулуу саясатчы. Жей Ди Венс (ред.: вице-президент) дагы келбеттүү. Ал эми Скотт Бессент (ред.: каржы министри) Голливуддагы кастингден түз эле келгендей көрүнөт",- деди америкалык лидер.
Маек 30-октябрда Ак үйдө тартылган. Бирок подкаст толугу менен 2-ноябрда жарыяланган.