Ырчы Азат Раимбердиев "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу ырчы кечээ, 2-ноябрда соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
"Маданияттын мыкты кызматкери сыйлыгын алдым, достор",- деп билдирүү калтырган ал.
Азат Раимбердиев Nomad тобунун солисти, ошондой эле “Принцесса”, “Спасти любовь”, “Воспоминания” өңдүү хиттери менен белгилүү.
Эскерте кетсек, кечээ, 2-ноябрда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип, бир катар маданият өкүлдөрү сыйланышты.