Биз социалдык тармакта

Кыргызстан Грузия менен визалык талаптарды жеңилдетүү маселесин көтөрдү

Бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Грузияга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн визалык талаптарды жеңилдетүү демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган демилге Кыргызстанга расмий сапар менен келген Грузия парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили менен болгон жолугушууда талкууланды. Тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык, парламенттер аралык жана туризм тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин карашты.

Өз кезегинде Шалва Папуашвили эки өлкөнүн алакасын мындан ары да өнүктүрүү зарылдыгын белгилеп, Маматалиевди Грузияга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырганы маалым болду.

Грузиядан келген делегация парламенттин музейи менен да таанышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан