Автобустарда айдоочуларды көзөмөлгө алуучу онлайн режим тесттик сыноодон өтүп жатат. Бул тууралуу "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын 2-автобазасынын башкы инженери Бакыт Табалдиев "Кабар" агенттигине курган маегинде айтты.
"Монитор бөлүмүндө ар бир айдоочуга көзөмөл жүргүзүлүп турат. Ошондой эле жаңы программа киргизип жатабыз. Мисалы, автобус эки мүнөттөн ашык бир жерде токтоп калса, анда монитор бөлүмүнө маалымат келет. Андан тышкары, ар бир айдоочу менен түз байланыш жүргүзүүнү сыноодон өткөрүп жатабыз. Айдоочу уйкусу келеби же чылым чегеби же кандайдыр бир кызматынан тышкаркы аракеттерди жасаса, бизге түздөн-түз видео маалымат келип турат",- деди ал.