14-октябрдан тартып “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу “Балага сүйүнчү” жөлөкпулун алуу үчүн арыз берүү мүмкүнчүлүгү ишке кирген. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-ноябрга карата кызмат аркылуу жалпы 8 миң 910 арыз кабыл алынган. Анын ичинен 3 миң 384ү (38 пайыз) “Түндүк” тиркемеси аркылуу, ал эми 5 миң 526сы (62 пайыз) Калкты тейлөө борборлору жана ЖААК органдары аркылуу берилген.
Арыздардын 4 миң 548и эркек балдардын, 4 миң 362си кыздардын төрөлүшүнө байланыштуу түшкөн. Ошондой эле эгиз төрөлгөн учурлар боюнча 202, үч эм жана андан көп бала төрөлгөн учурлар боюнча 12 арыз катталган.
Эске салсак, “Балага сүйүнчү” төлөмү ар бир жаңы төрөлгөн балага 4 миң сомду түзөт. Эгиз, үч эм жана андан көп бала төрөлгөн учурда ар бир балага 50 миң сомдон берилет.