Биз социалдык тармакта

Орусия менен АКШ терроризмге каршы күрөшүүдө маалымат алмашууну улантууда

Орусия менен АКШ терроризмге каршы күрөшүү багытында маалымат алмашуу боюнча байланыштарын улантып жатат. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, эгер АКШ даярдалып жаткан теракт тууралуу маалымат алып, аны Орусияга билдирсе, бул атайын кызматтардын кадимки кызматташтыгы болуп саналат.

“Биз да өз убагында америкалыктарга жардам бергенбиз. Мындай байланыштар азыр да уланууда”,- деген Лавров.

Ал терроризмге каршы бардык атайын кызматтар биргелешип күрөшүп, теракттардын алдын алуу үчүн колундагы маалыматтарды бөлүшүшү керектигин белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан