Кечээ, 3-ноябрда президент Садыр Жапаров Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Айтматов жана Манас райондорунун эли менен жолугушту.
Анда жергиликтүү скульптор өз маселесин айтып, УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин тууганы ага 5,4 миллион сомго Көкүм бий баатырдын эстелигин жасатып, алып кеткен боюнча, акчасын бербей качып жүргөнүн айтты.
Жыйында ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов буюртмачы скульпторго “Ташиев жакында президент болот, белек кылам” деп эстелик жасатканын билдирди.
Президент ага акчасын кайтарып алууга жардам берүүнү тапшырды.