
Аламүдүн районунда дайынсыз жоголгон жашы жете элек бала аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди.
Чүй облустук милициясынын 3-ноябрдагы маалыматы боюнча, Беш-Күңгөй айылындагы Аскердик госпиталь шаарчасынын 41 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал 2-октябрда 7 жаштагы уулу үйүнөн Көк-Жар айылына машыгууга кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын айткан.
Издөө иштеринин натыйжасында бала Бишкек шаарындагы Ак-Өргө конушунда жайгашкан №215 автобустун аялдамасынан табылган.