Биз социалдык тармакта

Өлкөдө мындан ары батирлердин пайдубалы түптөлмөйүнчө сатууга уруксат берилбейт 

Кыргызстанда батирлердин жана коммерциялык жайлардын курулушунун "нөл цикли" толук аяктагандан кийин гана сатууга уруксат берилет. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Курулуш министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, имараттын пайдубалы түптөлүп, жер алдындагы курулуш иштери толук аяктагандан кийин гана объектти жарнамалоого, сатууга жана келишим түзүүгө болот.

Ошондой эле министрлик белгиленген талаптарды бузуп, жарнама жайгаштырган жана сатууну баштаган тараптарга мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертет.

"Бул чара жарандардын каражатын жана укуктарын коргоого, курулушу толук кандуу баштала элек объекттерге каражат салуудан келип чыгуучу тобокелдиктерди азайтууга багытталган",- деп белгиленет маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан