Биз социалдык тармакта

"2000 сом интернетти жарып жатат". Башкы сот чечимге түшүндүрмө берди (видео)

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатиев президенттин эл менен болгон жолугушуусунда 2000 сом үчүн атасынын камалып кеткенин айткан жигиттин окуясы боюнча түшүндүрмө берди.

Ал коррупция боюнча мыйзамдар күчөтүлгөнүн белгилеп, камактан башка альтернативдүү чечим кабыл алууга мыйзам жол бербестигин айтты.

"Ошол 2000 сом интернетти жарып жатат. А эмне үчүн жарып жатат? Анткени биз өзүбүз түшүндүрө албай жатабыз. Эмне үчүн биз эки жылга камадык? Анткени мыйзам башка чара колдонууга жол бербейт. Айып пул же үй камагына чыгарууга болбойт. Мына, ушуну түшүндүрүп айтыш керек эле",- деди Сатыев сот тутумунун 9 айлык ишмердүүлүгүн талдоо учурунда.

Эске салсак, өлкө башчыга даттанган жигит, атасын жол тескөөчүгө 2000 сом пара сунуштады деген негизде эки жылга камап койгонун айткан.


"2000 сом интернетти жарып жатат". Башкы сот чечимге түшүндүрмө берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан