Кыргызстандын 9 куткаруучудан турган курама командасы Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан өрт-куткаруу спорту боюнча Дүйнөлүк чемпиондукка катышууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, алар бүгүн, 4-ноябрда чабуулдоочу шаты менен окуу мунарасынын экинчи жана төртүнчү кабаттарына көтөрүлүү боюнча мелдешке чыгышты. Дүйнөлүк чемпиондук 8-ноябрга чейин уланат.