Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы Ибраев театралдык окуу жайынын студенттери Москвада өткөн эл аралык фестивалда "Эң мыкты актёрдук ансамбль" номинациясын жеңип алышты.
Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, ийгиликке аталган окуу жайдын 3-курсунун студенттери 27-октябрдан 2-ноябрга чейин өткөн IV "Точка А" эл аралык студенттик спектаклдер фестивалында жетишти. Ага Орусиянын жана КМШ өлкөлөрүнүн театр окуу жайларынын өкүлдөрү катышкан.
Кыргызстандык студенттер грузин жазуучусу Нодар Думбадзенин "Мен күндү көрүп турам" чыгармасынын негизинде даярдалган спектаклди тартуулашты. Анда Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы окуялар, адамгерчилик, сүйүү жана үмүт темалары чагылдырылган.
Фестивалдын калыстар тобунун курамында Орусиянын театр жана маданият тармагынын белгилүү өкүлдөрү, анын ичинде режиссёр Егор Перегудов жана актриса Ирина Апексимова да болгон.
Иш-чаранын алкагында студенттер үчүн мастер-класстар жана тажрыйба алмашуу жолугушуулары уюштурулган.