
15-ноябрда Бишкек шаарында заманбап бий искусствосун өнүктүрүү максатын көздөгөн ири эл аралык фестиваль уюштурулат. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, заманбап хореография боюнча чемпиондук уюштурулуп, анда катышуучулар өздөрүнүн чыгармачылык иштерин тартуулашат. Калыстар тобун Австралиядан келген белгилүү бийчи Кейтлин Уотсон жана Ирландиядан келген Кирри Милн толуктайт.
"Фестивалдын максаты - ар кайсы өлкөлөрдүн бий өнөрүнүн өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашууга, чыгармачылык байланыштарды өнүктүрүүгө жана жаш бийчилердин потенциалын ачууга мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат",- деп белгиленди маалыматта.