Курал-жарактарды мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 4-февралда Кант шаарында жол-кайгуул кызматкерлери тарабынан 47 жаштагы М.Р. аттуу жарандын башкаруусундагы Хонда Одиссей унаасы токтотулган. Аны текшерүү учурунда унаадан документтери жок тапанча табылган. Учурда милиция кызматкерлери текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат.