7-февралда Жумабек Ибраимовдун 70 жылдыгына карата "Өчпөс из калтырган инсан" аттуу көргөзмө өтөт

7-февралда КРнын Улуттук китепканасында белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жумабек Ибраимовдун 70 жылдыгына карата “Өчпөс из калтырган инсан” деген аталыштагы китеп-сүрөт көргөзмөсү орун алат. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Улуттук китепкананын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көргөзмөгө Ибраимовдун өмүр таржымалын чагылдырган китептер, сүрөттөр, гезит-журналдарга жарыяланган макалалар коюлат. Ага ЖКнын депутаттары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимдин, маданияттын кызматкерлери жана студенттер катышат.  

Кошумчалай кетсек, Жумабек Ибраимов СССРдин Жогорку Советинин, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин 2 жолку депутаты болуп шайланган. Физика-математика илимдеринин кандидаты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан