Бишкекте алдамчылыкка шектелип 35 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда Биринчи Май райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, арыз ээси милицияга 1-октябрда Москва көчөсүндө шектүү чет мамлекеттердин бирине акча которууга көмөк көрсөтүүнү шылтоолоп 69 миң долларын кымырып алганын айткан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.