
6-ноябрдан 8-ноябрга чейин өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, бул күндөрү Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Мындан улам унаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.