Биз социалдык тармакта

Бишкек шаарында мыйзамсыз орнотулган жарнамалар алынууда

Бишкектин Курманжан датка көчөсүндө жана "Аламүдүн гранд" соода борборунда рейддик иш-чаралар жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда мэрия билдирди.

Маалыматка караганда, көчөнүн бир тарабында белгиленген талаптарды бузуу менен орнотулган дүкөндөрдүн жана кафелердин 15 жарнамалык тактасы демонтаждалды. Ал эми "Аламүдүн гранд" соода борборунан жалпы 38 объект буздурулду.

Мындан тышкары, борбор калаада тышкы жарнамаларды жайгаштыруу тартибин жөнгө салуу жана шаардык көрктөндүрүү талаптарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча иштер улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан