
Казакстандан Кыргызстанга дары-дармектерди жана психотроптук заттарды мыйзамсыз алып кирген шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда Бажы кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, шектүүлөр мыйзамсыз заттарды ташуу үчүн атайын жашыруун бөлүгү бар жүк ташуучу унааны колдонушкан. Өлкөгө мыйзамсыз алып келинген препараттар кийин Бишкектеги ири дарыкана түйүндөрү аркылуу сатылып турган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголду.
Кармалган 2 жаран камакка алынып, тергөө амалдары уланууда.