Биз социалдык тармакта

Донор болуучу туугандар чет өлкөгө качып кетип жатышканы айтылды (видео)

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Чүйдүн Аламүдүн районунун эли менен болгон жолугушууда гемодиализде жаткан жарандарга донор таап, мамлекет тарабынан акысыз операция жасатууга чакырды.

Жапаров президент болуп келгенде 2800 бейтап гемодиализде жатканын, андыктан аны акысыз кылганын белгиледи.

"Бардыгы "донорум бар, акчам болсо эле операция кылдырат элем" дешчү. Азыр бир гемодиализ алган кишиге мамлекет жылына 15 миң доллар жумшап жатат. Мурун ар бир гемодиализ алганда 100 доллардан төлөчүсүңөр. 2800дүн болгону 116сы гана донор таап алмаштырды", - деди өлкө башчы.

Президентке кайрылган жаран донор боло тургандар чет өлкөлөргө чыгып кетип жатышканын айтты.

"Биз сурамжылоо кылганда 500дөн ашык бейтаптын донору бар болчу. Анан сиз бекер алмаштырууну уюштурганда донор болом деген бир туугандар качып кетишти. Биздин эл донор болууга даяр эмес экен", - деди ал.

Донор боло турчу туугандар чет өлкөлөргө качып кетип жатышканы айтылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан