Кечээ, 6-ноябрда Ош шаарындагы Салижан Жигитов атындагы орто мектептин ачылышы болду. Өкмөттүн маалымат кызматы окуу жайдын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы катышканын билдирди.
Маалыматта мектеп 1200 окуучуга ылайыкталганы айтылат. Курулушуна Турукташтыруу фондунан дээрлик 1 миллиард сомго жакын каражат сарпталган. Окуу аудиториялары, китепканасы, ашканасы, футбол, волейбол, баскетбол аянттары бар.