Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров: "Кыздар, жарандык нике дегенди унуткула!" (видео)

Президент Садыр Жапаровго кайрылган жалгыз бой эне балдарына алимент өндүрүү маселесин чечип берүүнү суранды.

Анын айтымында, жарандык никедеги жолдошу экөө Орусияда иштеп тапкан акчасын кайнатасына которушкан, кийин жолдошу аны кетирип, өзү калып калган жана ага нике күбөлүгү жок болгондуктан эч нерсени берген эмес.

Өлкө башчы ортодо нике күбөлүгү жок болгондон кийин мамлекет алиментти жана башка каржыларды өндүрүп бере албастыгын билдирди.

"Эгер сиз мыйзамдуу жубайы болсоңуз, анда мен органдарга үч баласына алимент алып бергиле жана оокат-жайын тең бөлүп бергиле деген тапшырма бермекмин. Ал эми жарандык никеде болгондорго мамлекет эч нерсе алып бере албайт. Ошон үчүн, айрыкча, кыздар, жарандык нике дегенди унуткула! Үйлөнгөндө каттоодон өтүп, нике күбөлүгүн алып, анан жашагыла да", - деди мамлекет башчы Чүйдүн Сокулук районунун эли менен жолугушуу учурунда.

Садыр Жапаров: "Кыздар жарандык нике дегенди унуткула!"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан