Соцтармактарда Чуңкурчак жайлоосунда жайгашкан "Супара-2" этно-комплексиндеги өрт чыккан жердин видеосу тарап жатат.
Эске салсак, 3 күн мурун, тагыраагы, 4-ноябрда саат 21:52 чамасында аталган аймакта өрт чыккан. Милиция тилсиз жоо мештин морунан тутанганын билдирип, териштирүү башталганын кабарлаган. Натыйжада ашкананын 350-400 чарчы метр аянты жана бир жыгач боз үй күйгөн.