Бишкектин Арча-Бешик жаңы конушунда 10 жылдан бери бүтпөй турган турак үйдүн курулушун аяктоо маселеси каралды. Бул тууралуу кечээ, 8-ноябрда Курулуш министрлиги маалымдады.
Маалыматка караганда, Аксы көчөсүндө жайгашкан беш кабаттуу үйдүн курулушу 2016-жылы башталган.
"Жалпы беш блоктон турган имаратта 120 батир каралган. Бирок курулуш ар кандай баскычта токтоп, объект уруксат берүүчү документтерсиз салынган. Эми имараттын техникалык абалы текшерилип, курулушту аяктоо боюнча чаралар аныкталат",- деп кошумчаланды маалыматта.