
Кечээ, 8-ноябрда саат 05:14тө күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Оштогу Чоң-Алай районуна караштуу Бор-Дөбө айылынан 5 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. Жер силкинүүнүн күчү аталган айылда 3 баллга чейин сезилген.