Ала-Арчада каза болгон Амирдин атасы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Максат Кунакуновго уулу менен коштошууга уруксат берилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Кунакунов камакта. Анын жактоочусу уулу менен коштошууга уруксат берүү өтүнүчү менен тергөөчүгө кайрылган. Өтүнүч канааттандырылган.
Эскерте кетсек, 2011-жылы туулган өспүрүм 7-ноябрда Ала-Арча жаратылыш паркына чуркоо үчүн барып, Адыгене капчыгайын көздөй кеткен бойдон дайынсыз болгон.
Издөө иштерине куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана тик учак тартылган. Бүгүн, 9-ноябрда саат 16:00дө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өспүрүмдүн сөөгү табылганын билдирген.