Биз социалдык тармакта

Өзбекстанда кечирим суроо менен карыздан кутулам деген жаран камалды

Самарканд шаарында алимент боюнча карызы бар эркек, сотто мурунку аялынан кечирим сурап, карызынан кутулууга аракет кылган. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн маалымат каражаттары билдиришти.

Болжол менен 7 миң доллар карыз болуп калган эркек, сотто кызыктай жол менен жоопкерчиликтен кутулууга аракет кылган. Белгилүү болгондой, ал мурунку аялынан кечирим сураса, карызын кечирип коёт деп ойлогонун айткан. Бирок сот мындай өтүнүчтү эске алган эмес.

Натыйжада эркектин аракети майнап бербей, 15 суткага камакка алынды. Ал эми 85,5 миллион сум карызы күчүндө калып, алиментти баары бир төлөөгө милдеттендирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан