2026-жылдын 10 айында Кыргызстандан 572,41 тонна табигый бал экспорттолду. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Cуу ресурстары, айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 10 айында 324,74 тонна бал экспорттолгон. Ал эми сүт азыктарынын экспорту быйыл 33466,58 тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 1115,46 тоннага азайган.
Министрлик жыйынтыгында, бал экспортунда өсүш байкалса, сүт азыктарын сыртка чыгаруу көлөмү төмөндөгөнүн белгиледи.