Перунун Конима округунда мэр шайлоо өтүп, жеңүүчүнү тыйын ыргытып тандашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Рубен Киспе Капаханья менен Саломино Мамани Киспе бирдей - 671 добуш алып калышты. Мындан улам шайлоо комиссиясы полиция, нотариус жана байкоочулардын катышуусунда ачык тыйын таштоо оюнун ойношту.
Жыйынтыкта тыйын таштоодон Рубен Киспе Капаханья жеңүүчү деп табылды. Ал эми утулуп калган талапкер мындай ыкмага нааразы болуп, тең чыккан учурда тыйын таштабай, экинчи тур өкөрүүнү сунуштады.