Чүй облусундагы "Чуңкурчак" тоо лыжа базасында 2026–2027-жылдардагы кышкы туристтик сезонго карата даярдык текшерилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Экология жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, рейддин жүрүшүндө асма жолдордун техникалык абалы, жабдуулардын коопсуздугу жана өнөр жай коопсуздугунун талаптарынын сакталышы көзөмөлдөнүүдө. Ошондой эле мүмкүн болуучу авариялардын алдын алуу жана эс алуучулар үчүн коопсуз шарттарды түзүү маселелерине көңүл бурулууда.