Бүгүн, 10-ноябрда, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине жана ага караштуу мекемелерге 21 кызматтык унаанын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, унаалар ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында "Тулпар Моторс" компаниясынан сатып алынды.
Жаңы унаалар аймактардагы спорттук мекемелердин ишин ыкчам уюштурууга, өз ара байланышты жана спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталгы айтылды.