Биз социалдык тармакта

Ала-Арчадагы 15 жаштагы баланын өлүмү: ӨКМ тергөөнүн жыйынтыгын жарыялоого убада берди

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов Ала-Арча капчыгайында каза болгон 15 жаштагы Амирдин өлүмүнө байланыштуу моралдык жоопкерчиликти сезип жатышканын билдирди.

Анын айтымында, учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

“Биз моралдык күнөө сезип жатабыз. ЖМКлардан эч нерсени жашырган жокпуз. Чакыруу качан түшкөнүн, куткаруучулар качан чыкканын жана окуя болгон жерге канчада жеткенин ачык билдирип жатабыз. Тергөө аяктаганда бардык жагдайлар боюнча толук маалымат беребиз”, - деди Асанов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан