Ташкент шаарында МАИ кызматкерлери тарабынан адаттан тыш унаа токтотулган. Spark үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу кадимки рулду чечип, ордуна кеменин штурвалын орнотуп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн маалымат булактары билдиришти.
Унаа айып короого жеткирилип, айдоочу уруксатсыз жабдуу үчүн 440 миң сум (болжол менен 3200 сомго тете) айып пулга жыгылды.