Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап, ашууларда жолдорду кардан тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек – Ош унаа жолунун 114-138 жана 198-209-чакырымдарында кар тазаланып, кум-туз аралашмасы себилүүдө. Жол ачык.
Төө-Ашууда бүгүн саат 06:00дөн тартып Сосновка постунан оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.
"Өтмөк ашуусунда кар жаап, жол тазалоо иштери жүрүп жатат. Каттам ачык. Ал эми Суусамыр – Талас – Тараз жолунун 60-чакырымындагы "Алим" унаа токтотуучу жайынан тартып оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө чектөө коюлду. Боом капчыгайында жамгыр жаап жатканы менен жол таза, каттам бар",- деп белгиленди маалыматта.
Министрлик айдоочуларды ылдамдыкты азайтып, жол эрежелерин сактоого чакырды.