Биз социалдык тармакта

Ошто да беш миңден ашуун көрүүчүгө ылайыкталган “Жаштык Арена” курулат

Кечээ, 10-ноябрда Оштун мэри Жанар Акаев “Кыялымдагы Кыргызстан: Ош-2026” форумунун жабылыш аземинде сөз сүйлөп, шаарга заманбап спорттук комплекс куруу пландалып жатканын билдирди.

Мэрдин айтымында, долбоор Кызыл-Кыштак аймагында ишке ашып, 5200 көрүүчүгө ылайыкташат. Анда муз аянтчасы, хоккей жана күрөш залдары, концерттик жана маданий иш-чаралар үчүн жайлар каралган.

Белгилей кетсек, курулушту 2027-жылдын март айында баштап, 2030-жылдын мартында аяктоо пландалып жатканы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан