Бишкекте рейд учурунда уруксатсыз жарык берүүчү белгилери жана атайын кызматтык унааларда колдонулуучу үн күчөткүч түзмөгү орнотулган Toyota Camry унаасы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган факт боюнча айдоочуга карата укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлүп, унаа айып короого киргизилди.
ЖКККББ атайын жарык жана үн белгилерин тиешелүү уруксаты жок колдонууга мыйзам жол бербей турганын эскертет.