Биз социалдык тармакта

Кыргыз-Казак чек арасында жаңы “Төмөнкү-Чүй-автожол” өткөрүү бекетинин курулушу башталды

Бүгүн, 11-ноябрда Чүй облусунун Камышановка айылында Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан “Төмөнкү-Чүй-автожол” өткөрүү бекетинин курулушуна мезгил кутучасын салуу аземи болуп өттү.

Аталган иш-чарага Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Жаныш Юсубалиев жана Чүй облусунун жетекчиси Элкинбек Аширбаев катышты.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери бир жарым жылга пландалып, оор жана жеңил жүк ташуучу унаалар заманбап техникалар менен текшерилери айтылды.
Долбоордун негизги максаты - эки элдин ортосундагы транспорттук байланышты жана чек ара инфраструктурасын жакшыртууга өбөлгө түзүү.

Ошондой эле алдынкы убактарда коңшу Казакстан тараптан дагы ушундай бекет курулары маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан